Автобустун айдоочусун согуп жиберип, анын кесепетинен 3 киши каза болгон иш боюнча Дархан Ахметжанов 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу vlast.kz жазды.
- 22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган. Чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылган. Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалган. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Соттолуучу каза болгондун жубайына 6,3 миллион теңге, ошондой эле моралдык зыян үчүн 5 миллион теңге төлөп бериши керек. Жол кырсыгынын кесепетинен жетим калган жаранга 10 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттүү. Соттук териштирүүдө бир гана Ахметжанов айыпталгандыктан, жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнүн автобустун айдоочусуна койгон дооматтарын сот кароосуз калтырды.