Алматыда 3 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы. Айдоочуну чаап жиберген киши 8 жылга кесилди

Автобустун айдоочусун согуп жиберип, анын кесепетинен 3 киши каза болгон иш боюнча Дархан Ахметжанов 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу vlast.kz жазды.

Соттолуучу каза болгондун жубайына 6,3 миллион теңге, ошондой эле моралдык зыян үчүн 5 миллион теңге төлөп бериши керек. Жол кырсыгынын кесепетинен жетим калган жаранга 10 миллион теңге төлөп берүүгө милдеттүү. Соттук териштирүүдө бир гана Ахметжанов айыпталгандыктан, жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнүн автобустун айдоочусуна койгон дооматтарын сот кароосуз калтырды.