Алматыда 3 адамдын өмүрүн алган автобус кырсыгы. Айдоочуну соккон шектүү эмне дейт?

Алматыда адам өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча соттук отурум уланууда.

Айыпталуучу өзү аны айдоочу провокация кылып, кырсыкка себеп болгонун билдирди. «Айдоочу мени баарынын көзүнчө кемсинтип, автобустан түшүрбөй жатты. Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөмдү мойнума алам, калган күнөөм жок. Анткени Шокебаеванын (айдоочу аял) автобусту токтотууга мүмкүнчүлүгү болгон. 3 жашы жете элек балам бар экенин эске алуусун өтүнөм. Бардык жабырлануучулардан кечирим сурайм»,- деди ал.