Алматыдагы 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыгып, 6-кабаттын жашоочулары терезесинен балдарды жердеги килемчелерге ыргытып жаткан учур видеого түшүп калган. Видеодон эненин балдарын терезеден ыргытып, андан кийин өзү секирип жатканын көрүүгө болот болчу.
Журналисттер ички иштер министри Марат Ахметжановдон «Аккент» турак-жай комплексинин терезесинен балдарын ыргытып жиберген эне жооп береби деп сурашты. Себеби, балдарды ылдый жакта тосуп алууга эч ким кепилдик берген эмес.
Министрдин айтымында, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгында өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып, ар биринин аракетине юридикалык баа берилет. «Азыр муну айта албайбыз. Териштирүү бүтүшү керек. Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталышы керек. Андан соң, андагы адамдардын кыймыл-аракетин териштирүүгө кезек келет. Тергөөдө аныкталат деп ойлойм», — деди ал.
Эске салсак, балдарын терезеден ыргыткан эне да, балдары да аман калган.