Аргентина жеңишти майрамдоо үчүн бүгүнкү күндү эс алуу деп жарыялады

Аргентинанын бийлиги Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңишти майрамдоо үчүн бүгүнкү күндү, 20-декабрды улуттук эс алуу деп жарыялады. Аргентиналыктар кураман командасын да тосуп алганы жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенттик администрациясынан маалымдашты.

18-декабрда Аргентинанын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында үчүнчү жолу (1978, 1986, 2022) жеңишке жетти.

Чемпиондор бүгүн, 20-декабрда түшкү убакытта Буэнос-Айрестин борборундагы аянтка барышат. Дал ушул жерде башкы беттеш өткөн күнү он миңдеген жарандар жеңишти белгилөө үчүн чогулушкан эле.