Бүгүн, 26-майда Түштүк Кореянын «Asiana Airlines» учагынын эшиги Тэгу шаарына конуу алдында абада ачылып кеткен. Учак конгондон кийин 9 жүргүнчү ооруканага жеткирилгенин аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Эшик ачылып кеткен убакта учак 250 метр бийиктикте болгон. Окуядан улам айрым жүргүнчүлөр эсин жоготкон. Бортто 194 жүргүнчү болгон, анын 38и оюндарга катышып кайтып келе жаткан өспүрүмдөр экендигин маалымдалууда.
Адегенде эшиктин капыстан ачылып кеткени айтылып жаткан. Соңку маалыматтар боюнча, конууга 10 мүнөт калганда 30 жаштагы эркек киши эшикти атайын ачып жиберген. Анын мотиви учурда полиция кызматы тарабынан аныкталууда.
Уральск Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Instagram аккаунтунда адаттан тыш видео пайда болду. Өрт өчүрүүчү Жан-Клод Ван Даммдын атактуу трюкун кайталоону чечкен. ...
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...