Москва облустук соту 28-январда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апелляциялык арызын четке кагып, абакта калтырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Навальныйдын командасы аны кармоо мыйзамсыз экенин айтып, Москва облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Бирок сот аны бошотуудан баш тартты.
Сот отурумунда, тергөө абагында жаткан Навальныйга видео байланыш аркылуу сөз берилген. Анда ал Орусияда сот системасы өтө начар, акыйкатсыз экенин жана абакта жаткан мезгилде ага катуу кысым болуп жатканын айтып, учурдагы бийлик азыркы убакта күчтүү болуп жатканы менен алардын кубаты убактылуу гана деп билдирген.
Саясатчы Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазанын эрежесин бузган деген айып коюлуп, бөгөт чарасы катары 30 күнгө камакка алынган.
Мындан улам 23-январда Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчыны абактан чыгарууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө милиция тарабынан төрт миңдей адам кармалган.