Алматыда 19 жаштагы студент кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү: анын ар бир тырмагы кесилип, бардык тиши күбүлгөн. Мыкаачы кыздын башын кесип алып, сууга салып кайнаткан. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Университетте окуп, сулуулук салонунда да иштеген Аяжан Едилова бир күнү эле жумушунан үйгө келген эмес. Кыздын жок экенин алгач сүйлөшкөн жигити байкап, Аяжандын туугандарына кабар берген.
Кыздын жакындары полицияга кабарлап, өздөрү дагы издөө иштерин башташкан. Көчөдөгү камералардын жазуусун текшерип атып, кыз түшкөн таксинин айдоочусун аныкташкан. Кыздын кайсы дарекке барганын тактап алган жакындары полицияга кабар берип, өздөрү да ал жакка жөнөшкөн. Бирок келгенде үйдүн алдынан формачан адамдарды жана Тез жардам унаасын көрүшкөн. Бир нече мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери ал подъездден кан болгон кишини алып чыгып кетишкен. Көрсө, ал убакта полиция кызматкерлери Аяжандын сөөгүн табышкан экен: аны мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп салышкан.
«Батирге кирген полиция кызматкерлери кыздын жиликтенген денесин табышкан. Шектүүнүн айтымында, ал кылмыштын изин жашыруу үчүн бул ишке барган. Айрым бөлүктөрүн Алатау районунун четине алып чыгып, таштанды челектерге катып салган. Алар табылды, кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», – деп билдирди Алматы полициясынын департаментинин жетекчисинин орун басары Рустам Абдрахманов.
Бирок кыздын туугандарына ал күнү Аяжандын каза тапканы тууралуу айтышкан эмес. «Кыз батирде жок экен, эртең полиция бөлүмүнө келгиле» деп коюшкан. Кыздын өлтүрүлгөнү тууралуу кабарды үй-бүлөсү эртеси ЖМКлардан билишкен. Анын кантип өлтүрүлгөнү бүт өлкөнү нес кылды.
«Анын ар бир тырмагы кесилип, ар бир тиши күбүлгөн. Анан шашпай башын кесип, сууга салып кайнаткан. Тактап айтканда, баш сөөгү эле калган», – деп айтып берген кыздын агасы Алмат Муликов.
Полициянын маалыматына караганда, батирге чабуул коюп, басып кирүүгө туура келген: шектүү көпкө эшикти ачпай, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал медициналык жогорку билими бар 28 жаштагы жаран экени айтылды. Учурда ал ооруканада полициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө жатат.
Кыздын туугандары шектүү мурда да мындай иштерди кылып жүрүшү мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Алар кылмышкерди эң катаал жазага тартууну суранып, Казакстандын президентине кайрылышты.