«Бир күндө ата-энемден айрылдым». Казакстанда автобус кырсыгы боюнча соттук отурум башталды

Алматыда адам өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча соттук отурум уланууда. Кырсыктан ата-энесинен ажыраган Эрасыл Байдуалиев бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоону соттон суранды. Ал окуяга автобустун айдоочусу да күнөөлүү деп эсептейт.

«Бир күндө мен атамдан да, апамдан да айрылдым. Муну душманыма да каалабайт элем, ошондой эле ушуга тиешеси барларды жазалоону суранам», — деди Байдуалиев.

Бул кырсыкта Айнур Кусаинова жолдошунан ажыраган. «Жолдошум каза болду, үч кызым менен калдым. Кыздарым эмне болгонун түшүнүшпөйт, жерди казып, атасын алып чыгууну суранып жатышат. Көзү чыгып кетиптип, анын жансыз денесин кыздарга көрсөтө алган жокпуз», — деди аял.