Биринчи каналдын мурдагы кызматкери Марина Овсянникова полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.
Журналисттин жактоочусу Дмитрий Захватовдун маалыматына караганда, ал Москвадагы үйүнүн жанында кармалган. «Марина кармалды. Анын учурда кайсы жерде экени белгисиз»,- деп айтылат маалыматта.
РИА Новостиге берген маегинде Захватов буга Овсянникованын бир нече күн мурун Москвада чыккан пикетке тиешеси бар экенин четке каккан жок.
14-мартта Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери, редактор Марина Овсянникова «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырган. Ал студияга «No war. Остановите войну. Не верьте пропаганде. Здесь вам врут. Russians against war» деген жазуусу бар плакатты көтүрүп чыга калып, бир канча жолу «Остановите войну! Нет войне!» деп кыйкырууга үлгүргөн. Жогорудагы окуядан кийин Марина Овсянникованы полиция кызматкерлери кармап кетишкен. Кийинчерээк плакат көтөрүп чыга калган кызматкер «менин атам украин, апам орус» деген.