АКШ менен Орусиянын расмий адамдары келерки аптада Сауд Арабияда Орусия жана АКШ лидерлеринин потенциалдуу жолугушуусун даярдоо үчүн жолугушат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Путин менен Трамптын жолугушуусу 28-февралга пландалууда. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянуу менен билдирди. Даярдык көрүүчүлөр Орусия менен АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринен турары күтүлүүдө.
Ал эми Владимир Зеленский ишемби күнү Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Украина эч качан анын катышуусуз түзүлгөн келишимдерди кабыл албай турганын билдирген. Андан сырткары The Washington Post билдиргендей, АКШ Конгрессинин делегациясынын сунушунан Украин башчысы баш тарткан. Зеленский АКШ Украинанын минералдык ресурстарын иштетүү үчүн 50 пайыздык укугун ала турган келишимге кол коюудан баш тарткан. Reuters’тин айтымында, Зеленский документти изилдөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан тынчсызданган. Украина Конституциянын негизинде өз сунушун берүүгө ниеттенүүдө. Мюнхен конференциясында Зеленский биринчи жолу АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс менен жолугушту.