Конгонун Гома шаарындагы Мунзензе түрмөсүнөн качкандар 100дөн ашык абактагы аялдарды зордуктап, тирүүлөй өрттөшкөн.
Окуя 27-январда Руанда колдогон «23-март кыймылы» тобунун козголоңчулары шаарды басып алганда болгон. Бошотулган туткундар түрмөнүн аялдар бөлүмүнө кол салып, имаратты өрттөшкөн. Жабырлануучулардын көпчүлүгү көз жумду.
БУУнун маалыматы боюнча, абактан бир нече миң адам качып кеткен. БУУнун тынчтык күчтөрүнүн башчысынын орун басары Вивиан ван де Перре бардык туткун аялдар зордукталып өлтүрүлгөнүн айтты.