Орусия 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен болгон аба каттамдарын токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Татьяна Голикова билдирди.
Маалыматка караганда, бул чектөө Стамбул-Москва каттамындагы жумасына эки рейске жана карама-каршы багыттагы жана экспорттук рейстерге таасир этет.
Ал эми Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попованын айтымында, Орусия 30 өлкө менен авиакаттамдарды ачкан жана алардын 21 өлкөсүндө коронавирустук кырдаал туруксуз болуп жатат. «Бирок оорунун эң жогорку көрсөткүчү Түркияда катталган. Мен дагы бир жолу эскертем. Эгерде Орусияда 100 миң калкка 45 учур катталса, Түркияда бул көрсөткүч жумасына 100 миң калкка 455 учурду түзгөн», — деди ал. Анна Попованын айтымында, Түркиядагы коронавирустук кырдаал март айынан бери курч болуп жатат. Мындан тышкары, Түркиянын бардык провинцияларында британиялык коронавирус штаммы аныкталган.