Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашуун адам жаракат алганын билдирди.
Республикалык ооруканалардын дарыгерлери Махачкала аэропортундагы окуядан жабыркаган 10 кишиге жардам көрсөтүүдө. Жабыркагандардын арасында полиция кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар бар. Эки адамдын абалы оор. Жеңил жаракат алган дагы 10дон ашык адам амбулатордук медициналык жардам сурап кайрылышкан.
Тель-Авивден (Израиль) учак учуп келер алдында Махачкала аэропортуна жүздөгөн адамдар чогулган. Алар эл аэропорттон чыккан унааларды токтотуп, жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшере башташкан. Андан соң эл аэропорттун имаратына кирип, антисемиттик ураандарды кыйкырып киришкен. Кийинчерээк алар учуу тилкесине чыгып кетишкен.
Дагестандын Тергөө комитети массалык баш аламандык уюштуруу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Камчатканын чыгыш жээгинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын Орус ЖМКлары жазды. Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн, 27-августта Камчатканын...
Украинанын 22 жашка чейинки эркек жарандары согуш абалына карабай өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыга алышат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Юлия...
Кытайда тамак-аш жеткирүүчү адам 30 саатка бөлмөдө камалып калган аялды сактап калганын SCMP жазды. Сычуань провинциясынын Лэшань шаарында студент-курьер көчөдөн...