«Добрый кола», «Добрый фанта»… Орусияда «Кока-Коланын» суусундуктарынын аты өзгөртүлдү

Орусияда Кока-Кола, Фанта суусундуктарынын аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындан ары Кока-Кола «Добрый Кола», Фанта — «Добрый Фанта» деп аталмакчы. Ал эми Спрайтка суроо-талап жакшы болбогондуктан, сатыктан алынары айтылды. Ошондой эле дюшес, алча, лимонад, манго жана башка даамдары менен жаңы суусундуктар күзүндө сатыкка чыкмакчы.