Лондондо дүйнөдөгү бою эң узун жана эң кыска аялдардын жолугушуусу өттү. Гиннесстин рекорддор китебинин сайтында түрк веб-дизайнери менен Индиядан келген актриса-блогер чай үстүндө маектешкени жазылган.
Түркиялык Румейса Гелчи бүгүнкү күндө планетадагы эң узун аял болуп саналат. 27 жаштагы кыздын бою 215,16 сантиметр. Ага сейрек кездешүүчү оору – Уивер синдрому коюлган, ал дененин тез өсүшүн жана сөөктүн деформациясын пайда кылат. Дүйнөдөгү эң кичинекей аял, 30 жаштагы индиялык Жоти Амджинин бою 62,8 сантиметр. Экөө бойдогу чоң айырмачылыкка карабастан, турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, бат эле дос болуп кеткени белгиленет.