Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү, ханзаада Филипп каза болду. Эдинбург герцогу 100 жашта болчу.
Ал төрт жума дарылангандан кийин марттын ортосунда Лондондогу ооруканадан чыгарылганы кабарланган.
Ханзаада 16-февралда Лондондун борборундагы Эдуард VII ооруканасына жаткырылган. Анын оорусунун чоо-жайы айтылган эмес.