79 жаштагы юморист-жазуучу, орус эстрада артисти Евгений Петросян бүгүн, 8-март күнү эртең менен Москвадагы ооруканага жаткырылганын анын жакындары билдирген.
Маалыматтарга караганда, ал ичеги-карынына кан толуудан жабыркап жатат. REN TV каналынын маектешинин айтымында, ал оор абалда реанимацияда жатат.