Финляндияда мектепте ок атуу болду. Бул тууралуу 2-апрелде жергиликтүү милициянын билдирүүсүндө айтылат.
Окуя Вантаа шаарындагы Виертола мектебинде болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кылмышка шектелип 12 жаштагы окуучу бала кармалды. Жараат алгандар да 12 жаштагы өспүрүмдөр экени белгилүү болду, баары ооруканага жеткирилди.