Өзбекстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлери өлкөнүн гимни жаңырып жатканда кандайча сый-урмат көрсөтүүнү билбей баштары маң. Мындай иш Сырдарыя районунда 9-майда өлкөдө белгиленүүчү Эскерүү жана урмат күнүнө арналган иш-чарада болгон.
Видеодон аким Гофуржон Мирзаевдин гимн жаңырганда, кадимки жарандар сыяктуу колун көкүрөгүнө койгонун көрсөк болот. Форма кийген аскер кызматкерлери гимн учурунда колун баш кийимине тийгизиши керек эле.