Кийинки жумада Мэриленд штатында аукцион уюштурулуп, анда Адольф Гитлердин дааратканасынын отургучу бааланат. «Daily Mail» жарыялаган маалыматка таянсак, отургучтун баасы — 15 000 фунт стерлинг.
Бул отургуч америкалык аскер тарабынан Гитлердин Бергхоф резиденциясындагы жеке жуунуучу бөлмөсүнөн уурдалган. Даараткананын отургучу капкагы менен, дагы бир катар сувенирлер, сүрөттөр Нью-Жерсидеги үйдүн жер төлөсүндө сакталып турган.