Twitter социалдык тармагы өзүнүн логотибин — көк чымчык итке өзгөрттү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар билдиришти.
Твиттердин ээси Илон Маск логотибин өзгөртүү чечимин социалдык тармакка ээ болууну ойлоп жүргөндө, колдонуучулардын бири ага Twitter’ди сатып алып, логотибин чымчыктан итке өзгөртүүнү кеңеш кылганы менен түшүндүрдү.