Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышуусу электрондук бөгөттөө системасынын өзгөрүшүнө байланыштуу катталган. Бул тууралуу Индиянын темир жолдор, байланыш, электроника жана маалыматтык технологиялар министри Ашвини Вайшнав билдиргенин ANI жазды.
«Биз окуянын себебин жана ага жооптуу адамдарды аныктадык. Бул электрондук бөгөттөөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болду», — деди министр.
Ошол эле учурда Вайшнав эмне үчүн өзгөртүүлөр болгонун жана буга ким жооптуу экенин тактаган эмес.
Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 300 адамга жетти. Поезддер 2-июнда Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Темир жол жетекчилигинин жаңыланган маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен дагы үч-төрт вагон рельстен чыккан.