Праяграж шаарындагы (Уттар-Прадеш штаты) Гангдын жээгине миллиондогон индус динчилдери чогулуп, фестивалдын башталышын белгилешти.
Ал 12 жылда бир өткөрүлөт жана Индияда фестивалдардын фестивалы деп аталат. 45 күнгө созула турган майрамга быйыл 400 миллиондон ашык адам келиши күтүлүүдө. «Маха Кумбха Мела» чоң кумура майрамы дегенди билдирет. Бул майрам учурунда денесин да, жан дүйнөсүн да тазалап жуунса, кайра төрөлүүнүн чексиз циклинен чыгууга болот деп ишенишет.
Майрамга карата уюштуруучулар жана бийлик атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгышты. Ал зыяратчыларга храмдардын, жуунуучу жайлардын, тамак-аш күркөлөрүнүн, медициналык чатырлардын кыйма чийме көчөлөрүндө жүрүүгө жардам берет.