Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калганын Би-Би-Си жазды.
Учак Индиянын батышындагы Ахмедабад шаарынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн. Рамеш Лондонго багыт алган Boeing 787 учагынын 11А орунунда болгон. Air India бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү, анын ичинде 169 индиялык жана 52 британиялык каза болгонун билдирди.
Рамешти дарылаган дарыгер: «Анын денесинде көптөгөн жаракаттар бар. Бирок анын өмүрүнө коркунуч жок» деди.
Рамеш Индияда туулган, бирок 2003-жылдан бери Улуу Британияда жашайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram