47 жаштагы италиялык Маурицио Калорио жарандык турмуштагы жубайы экөө кыздуу болушат. Пандемияга байланыштуу алардын баш кошуу салтанаты улам жылып келген. Күтүлбөгөн жерден Мауриционун жүрөгү токтоп, тез арада жүрөгүн алмаштыруу үчүн операция жасатуу керек болот. Тилекке каршы, керектүү донор табылбай, Калорио канча жашары арсар болуп, жарандык жубайы Сильвия экөө ооруканада үйлөнүүнү чечишет. Бактыга жараша, үйлөнгөндөн бир нече сааттан кийин жүрөктү алмаштырууга ылайыктуу орган табылып калат да, ошол түнү ага 7 сааттык операция жасалган. Учурда жүрөгүн алмаштырган Маурицио Калорио оңолүү жолуна баратканы айтылат.
Мамлекеттик айыптоочу: «Салтанат өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн»
Бүгүн, 2-майда Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз...