Жүрөктүн ичинде өзүнүн «мээси» барбы?

Жүрөктүн баш мээ тарабынан көзөмөлдөнбөгөнү илимпоздордун табылгасы менен жокко чыгууда.

Каролинска институтунун жана Колумбия университетинин окумуштууларынын жаңы изилдөөсүнө ылайык жүрөктө кичи мээ бар. Илим адамдарынын айтымында, бул ачылыштан кийин жүрөк ооруларын дарылоонун башка ыкмалары пайда болот.

Ушул учурга чейин жүрөктү мээден келген вегетативдик нерв системасынын сигналы башкарат деп эсептелчү. Изилдөөнүн башында турган Каролинска институтунун (Швеция) неврология бөлүмүнүн доценти Константинос Ампатзистин айтымында, бул «кичинекей мээ» жүрөктүн согуусун колдойт жана көзөмөлдөйт. Ал баш мээнин бүт дененин кыймылын жана дем алууну көзөмөлдөгөндөй эле негизги ролду ойнойт.

Азырынча жаныбарларда сыналып жаткан бул изилдөө жакында адамдын жүрөгүндө сындан өтөт. Жаңы ыкмаларда жүрөккө атайын физикалык оорчулук берип, оорулуунун стресс абалында сындан өткөрүшөт.