Перулук «Реал Титандын» оюнчусу Хелар Гонсалес Альтамирано 21 жашында Перу Кубогунун беттешинде дарбазачы менен кагылышып каза болгонун Tengri Sport билдирди.
Клубдун социалдык тармактарында маалымдалгандай, Гонсалес «Дефенсор Нуэва» менен болгон беттештин 70-мүнөтүндө каршылаш курамдын дарбазачысы менен кагылышууда каза болгон.
Гонсалес эсин жоготуп жыгылып, талаадан Мойобамба шаарындагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин аракетине карабай футболчу эки күндөн кийин каза болгон. Өлүмгө баш мээнин артериясы жарылганы себеп болгон.