Казакстанда азык-түлүк саткан дүкөнгө аялдын башын таштап кеткен окуя боюнча тергөө аяктады

Казакстанда азык-түлүк саткан дүкөнгө аялдын башын таштап кеткен окуя боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты.

Маалыматтарга караганда, биринчи соттук отурум 2-августка белгиленген.

12-апрелде Алматыдагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине белгисиз адам баштыкка салынган аялдын башын таштап кеткен«Шолохов базарына бир киши кирип, баштыгын таштап кеткен. Сатуучу чуркап чыгып, баштыкты берейин деп, кишини таппай калган. Баштыктан сатуучу аялдын башын көргөн. Полиция иш алып барып жатат», — дешкен. 

Ошол эле учурда Шолохов көчөсүндөгү кароосуз калган имараттын жанынан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат тастыкталып, айтылган жерден 1976-жылы туулган, туруктуу жашаган жери жок, мурда баңги заты боюнча бир нече жолу соттолгон аялдын денеси табылган. Бир канча убакыттан кийин аялдын башы жакын жердеги соода түйүндөрүнүн биринен табылган