Кечээ, 21-августта Түркстан облусунун Сырдарыя дарыясында 11 адам сууга чөгүп каза болгон. Куткаруучулар жабырлануучулардын аты-жөнүн тактап жатат.
«Орда» басылмасы жазгандай, 4 үй-бүлө дарыянын жээгине эс алганы барышкан. 21-август күнү кечинде 11 адам сууга чөгүп каза болгон — сегиз бала жана үч чоң адам.
«Үй-бүлөлүк эс алуудан кийин 20 адам – чоңдор жана балдар дарыянын жээгине чыгышкан. Эксперттер Сырдарыянын агымы бир топ ылдам экенин, алар агызып кетерин билбей калышканын, алар чөккөн жерде сууган түшүүгө болбой турганын айтышты. Балдардын кантип сууга түшүп кеткени азырынча белгисиз. Куткаруучулар билдиргендей, чөгүп кеткен балдардын эң кичинеси алты жашта. Алдын ала маалыматтар боюнча, чоңдор балдарды сактап калууга аракет кылып, натыйжада алар да каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg