Бүгүн, 1-февралдан тарта Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын «Спутник-V» вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттерге кабарлады.
Маалыматка ылайык, биринчи кезекте медицина жана укук коргоо кызматкерлери эмдөөдөн өтөт. Ошондой эле профилактикалык эмдөө каршы көрсөтмөсү бар адамдардан башкасынын баарына уруксат берилет. Эмдөөнүн алдында милдеттүү медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
Учурда коңшу мамлекетте эмдөө пункттарынын даярдыгы текшерилип, профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн стандарттуу иштөө процедуралары бекитилген. 2 миңден ашуун медициналык кызматкер атайын окуудан өткөн.
Казакстандын эли эмдөөдө Орусиянын «Спутник-V» вакцинасын тандап алган. Буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде Караганда фармацевтикалык комплекси өлкөгө аталган вакцинанын биринчи партиясын жеткиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан болчу.