Казакстанда өткөн жылдын май айында видео тараган. Видеодо Актаудагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз киши кулап, жерде жатканы тартылган. Окуя 18-майда болуп, аталган факты боюнча «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Казакстандын «Не молчи» фонду эмне үчүн мындай кадамга барганын маркум кыздын агасына таянуу менен жазып чыкты.
«Бизге кыздын агасы кайрылды. Көп убакыт документтерди карап чыктык. Маркум кыз жаш, турмушка чыга элек фитнес-тренер болгон. Жумуштан кийин үйүнө жалгыз бара жаткан. 15-майга караган түнү эркек балдар кызды көчөдөн көрүп, күч менен унаага отургузушкан. Түнү менен көзүн байлап, май куюучу жайда кыйнап, коркутушкан. Унаадагылардын бири «болбосо топ балдар зордуктайт» деп коркутуп, баңгизат берип, унаада мыкаачылык менен зордуктаган. Шектүү үй-бүлөсү бар, баланын атасы болгон. Таңга маал кыздын телефонунан 2 миллион теңге кредит алышкан. Топтун «башчысы» кызды шаарда таштап, «кимдир бирөөгө айтсаң, таап өлтүрүп кетебиз» деп коркуткан. Кыз эмне болгонун курбусуна айтып берген. Курбусу кыздын агасына чалган. Агасы болжолдуу кылмыш болгон жерлерди аныктап, май куюучу жайды жана шектүүлөрдүн бирин тапкан. Агасы карындашына чалып, ишти аягына чыгаруу керектигин, ал дайыма жанында болуп, коргой турганын айтып, арыз жазышы керектигин билдирген. Кыз макул болгон. Бир нече мүнөттөн кийин курбусунун көзүнчө терезеден боюн таштаган.
Прокурор негизги адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Калган төртөө 15-16 жаштагылар болгон. Аларга 8 берене менен кылмыш иши козголгон. Бирок судья соттук териштирүүдө айыптарды кайра классификациялаган. Себеби, кыз уурдоо, ур-токмокко алуу, камоо, зордуктоо, баңгизатын мажбурлоодон эмес, окуядан кийин 9-кабаттан секирип каза болгон делген. Ошентип шектүүлөрдүн беренелери алмаша берген. Кыздын үй-бүлөсү аппеляциялык арыз менен кайрылган. Бирок акырында 5 кылмышкердин төртөө 3-4 жылда шарттуу түрдө эркиндикке чыгышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Фонд муну Башкы прокуратура жана Жогорку сот өз көзөмөлүнө алат деген ишеничте»,- деп айтылат маалыматта.