Казакстанда кечээ, 13-январда кечинде Актөбедеги үйлөрдүн биринде эркек киши кызды ата-энеси менен барымтага алган. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Жерине атайын күчтөр тартылып, милиция иш жүргүзгөн. Шектүү кармалган.
«Эртең менен кыздын апасы Тез жардам унаасында каза болгону белгилүү болду. Өгөй атасы операция столунда каза болгон. 24.kz телеканалынын маалыматына караганда, барымтага алынган кыздын психологиялык абалы оор. Анын башы менен колдорунда жаракаттар бар»,- деп айтылат маалыматта.