Украинанын маалымат каражаттары жана Telegram каналдары Киевдин борборунда күчтүү жардыруу болгонун кабарлашты. Жардыруулар Хмельницкийде, Житомирде, Тернопольдо, Днепрде, Кривой Рогдо жана Львовдо да катталды. Жарадарлар жана каза болгондор бар экени белгилүү, бирок алардын саны азырынча айтыла элек.
ТАСС Киевдеги жардыруулар борбордук Печерский районунда, Шевченков районундагы Владимирская көчөсүндө жана Повитрофлотский проспектинде болгонун тактады. Жардыруулардын үндөрү жергиликтүү убакыт боюнча 8:20дан баштап угулган. Украинанын Коопсуздук кызматынын имараты Владимирская көчөсүндө жайгашкан.










