Коңшу Казакстан менен Тажикстанда да мээ кайнаткан ысык күтүлүүдө

Синоптиктер Казакстанда 16-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат беришти. Аталган өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаай турганын казак басылмалары жазышты.

«Түндүктө, түндүк-батышта катуу жаан күтүлөт. Ошондой эле өткүн өтүп, күн күркүрөшү, мөндүр жаашы, шамалдын күчөшү, жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен түндүктө — туман болот, түштүк-батышта күндүз — чаңдуу бороон болушу ыктымал. Ал эми Казакстандын түштүгүндө, түштүк-чыгышында, батышында жана борборунда гана жаан-чачынсыз аба ырайы күтүлөт», — деп айтылат маалыматта. 

Түркстандын көпчүлүк аймактарында, Кызылорда, Жамбыл, Атырау облусунун батышында, түштүк-чыгышында, Батыш Казакстан облустарынын батышында өзгөчө өрт коркунучу күтүлөт. Күндүз Алматы, Жетисуу, Түркстан, Батыш Казакстан, Атырау, Костанай, Улытау, Кызылорда, Жамбылдын көпчүлүк аймактарында, Актөбөнүн түштүгүндө, Караганды облусунун түштүк-чыгышында катуу ысык күтүлөт. Күндүз Мангистау облусунун басымдуу бөлүгүндө, Атырау, Костанай облустарынын түштүгүндө өтө катуу ысык сакталат.

Ошондой эле Тажикстанда да 47 градуска жеткен ысык болушу күтүлүүдө. Синоптиктердин айтымында, 18-20-июль күндөрү Тажикстандын аймагына абанын ысышы күчөйт. Күндүз абанын температурасы жогорулайт. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети да кардын эришине байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирди.

13-июлда Өзбекстандын Өзгидромети айрым аймактарда абанын суткалык температурасы 47 градуска чейин көтөрүлөрү тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Маалыматка ылайык, 17-22-июль күндөрү Ирандын аймактарынан Түркмөнстан аркылуу Өзбекстандын аймагына ысык абаны чыгаруу күчөйт.