Кытайда кулап түшкөн учак кырсыгынан аман калгандар жок. Бирок каза болгондордун сөөгү дале табыла элек

Кытайда кулап түшкөн учак кырсыгынан аман калгандар жок. Бирок каза болгондордун сөөгү дале табыла элек. Куткаруучулар издөө операциясын жамгырдан улам токтотушканын кытай басылмалары жазышты.

Учак кулап түшкөн аймакта жамгыр жаап, сел жүрүү коркунучу жаралууда. Синопниктер жакынкы күндөр ичинде жаандын токтобой турганын жана катуу шамал да болорун эскертишкен. Куткаруучулардын издөө операциясы токтотулганына байланыштуу учактын «кара жашиги» жана жүргүнчүлөрдүн сөөгү да табыла элек. Аларды издөө үчүн дрондор колдонулууда жана операцияга 2 миңдей адам тартылган.

Кытайдын «China Eastern» авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы өлкөнүн түштүк тоолоруна кулап түшкөнү маалымдалган. Бортто 123 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү, баары 132 киши болгон.