Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путиндин макулдугу менен ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Беларустун президентинин маалымат кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүлөр кечээ, 24-июнда күн бою жүргөн. Анын жыйынтыгында Орусиянын аймагында кандуу кыргынга жол бербөө тууралуу макулдашууга келишкен. Пригожин Лукашенконун ЧВК «Вагнердин» Орусиянын аймагындагы колоннасынын кыймылын токтотуу тууралуу сунушун кабыл алганы маалымдалды.