Бүгүн, 2-февралда Москва шаарында саясатчы Алексей Навальныйдын жаза мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн Навальныйдын учурдагы шарттуу жаза өтөө мөөнөтүн реалдуу жаза өтөө мөөнөтүнө, тагыраагы, 3,5 жылга эркинен ажыратуу талабы коюлат.
Ошондой эле Навальныйдын иши боюнча соттун жүрүшүндө Москва шаардык сотуна жакын бир нече көчө толук жабылды.