Бүгүн, 1-февралда Мьянмада аскер кызматкерлери төңкөрүш жасап, өлкөнүн башчысы жана бийликчил партиянын лидери Аун Сан Су Чжи менен бир канча жогорку кызматтагы аткминерлер камакка алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Учурда аскер кызматкерлери тарабынан өлкөгө бир жылга созулган өзгөчө абал режими жарыяланды. Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.
«Төңкөрүш таң эрте башталды. Басып алган тарап өлкө лидери, мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи, президент Вин Мьин менен башка жогорку кызматтагы аткаминерлерди кармап алышты. Көп өтпөй вице-президент Мьин Све өлкө башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бийлик куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Мин Аун Хлаинге өттү», — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдын ноябрында Мьянмада парламенттик шайлоо болгон. Анда бийликтин «Демократия үчүн улуттук лига» партиясы жеңип чыккан. Мындан соң «Тилектештик жана союзду өнүктүрүү» партиясын колдогон аскер кызматкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп келишкен болчу.