Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоодо добушун кимге бергенин айтты

Бүгүн, 20-ноябрда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев №393 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кимге добуш бергенин айтты. «Мен бийликти өз эрким менен кимге бердим. Ошондо эле тандоомду жасагам. Бул тандоо аягына чейин»,- деди ал.