Абактагы Орусиянын оппозиционери Алексей Навальный мөөнөтүн өтөп жаткан №2 түзөтүү абагынын жетекчилиги мыйзамды аткарбай, ага келген дарыгерди киргизбей жатканын айтып, ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Навальныйдын жактоочулары билдиргенине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
“Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок мага анысын да, мунусун да бербей жатышат. Белимдин оорусу бутума өтүп кетти. Азыр оң бутум да, сол бутум да ооруйт. Тамаша-тамашасы менен, бирок мындай мыйзам бузуулар менин чыдамымды кетирди», — деп айткан Навальный жактоочуларына.
Ошондой эле анын жактоочулары Навальныйдын ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын айтып чыгышкан.
Алексей Навальный 17-январда Германиядан келгенден кийин камакка алынган. 19-январда оппозициянын лидери «Матросская Тишинанын» убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Москва соту анын камалышын мыйзамдуу деп таап, 3 жарым жылдык абак жазасын чектеген. Навальныйдын мурда да шарттуу камакта отурганы эске алынып, 1 жылы кыскартылган.