Кечээ, 31-январда Орусиянын шаарларында саясатчы Алексей Навальныйды колдоп чыгып кармалгандардын саны 5 миңден ашты. Бул тууралуу маалыматты «ОВД-Инфо» уюму таратты. Аталган уюм 2011-жылдан бери нааразычылык акцияларына жана анын жүрүшүндө кармоолорго байкоо жүргүзүп келет.
Эң көп кармоолор Москва шаарында катталып, алардын саны 1599 адамды түздү. Санкт-Петербургда 1116, Красноярскта 194, Нижний Новгороддо 180, Тверде 124, Воронеж жана Владивостокто 122 киши кармалды.
23-январда «Навальныйга эркиндик!» деп саясатчыны колдоп чыгууда 3 миңден ашуун адам кармалып, Орусиянын заманбап тарыхындагы бардык нааразычылык акцияларынын ичинен рекорддук көрсөткүчтө болду деп айтылган.