21-март күнү Өзбекстандын Навои облусундагы Карманин районунда 31 жаштагы аял 3, 5 жана 8 жаштагы 3 кызы менен чогуу поезддин алдына боюн таштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аял менен 5 жаштагы кыз башынан катуу жаракат алышты. Аял алган жаракаттарынан ооруканада каза тапкан. 8 жашар кыз апасынын колунан жулунуп чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кичүү кыздары дагы тирүү калган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.









