Бүгүн, 1-апрелде Өзбекстанда коронавирус инфекциясына каршы жапырт эмдөө башталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөөдө өзбек-кытай биргелешкен ZF-UZ-VAC2001 жана британиялык AstraZeneca препараттары колдонот. Ошондой эле коңшу мамлекетте эң биринчилерден болуп эмдөөдөн 65 жаштан жогорку кишилер, медицина кызматкерлери жана өнөкөт оорусу барлар өтөөрү маалымдалды. Андан кийин мектеп, бала бакча кызматкерлерин, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эмдөө каралууда.