Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-июнда орусиялыктарга кайрылуу жасады. Ал болуп жаткан окуяларды далыга бычак уруу деп атады.
«Биз туш болгон жагдай — бул ички саткынчылык, өз өлкөсүнө жана элине чыккынчылык кылуу. Биздин жооп катаал болот. Көтөрүлүш жана террорчулуктун жолуна түшкөндөрдүн жазасы катаал болот. Орусиянын башчысы катары өлкөнү коргоого бардыгын кылам. Аскердик төңкөрүштү уюштуруп, куралды көтөргөндөр Орусияны сатышты жана алар бул үчүн жооп берет», — деди Путин.
Анын айтымында, Ростов-на-Дону шаарындагы кырдаал оор бойдон калууда.