Путин Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Кремлден кабарлашты.

Жарлыкта сыйлык Орусия Федерациясы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого кошкон чоң жеке салымы үчүн ыйгарылары белгиленген.