Шакира быйыл футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун ачылыш аземинде ырдабайт

Колумбиялык ырчы Шакира 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышпайт. Бул тууралуу ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы аткаруучу Катарды адам укуктары боюнча сындаган сындардан улам турнирдин башталышына бир нече күн калганда катышуудан баш тартууну чечкен. Ошондой эле, буга чейин Дуа Липа менен Род Стюарт ачылыш аземинде сөз сүйлөөдөн баш тартканы белгиленген.

Шакира 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун расмий гимнине айланган «Waka Waka» ырынын автору. 2022-жылы Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.