Шымкентте беткапчан киши жардам берген ата эсиңиздеби? Эми аны унаа, үй белек кылып ыйлатышты

Буга чейин социалдык тармактарда беткапчан кишинин шымкенттик көп балалуу атага жардам берген видеосу популярдуу болуп, көпчүлүктү ыйлаткан. 

Анда Арман деген адамдын жашоосу баяндалган. Арман менен жубайынын үй-бүлөсүндө жалпысынан беш бала бар, кичүү баласы тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн. Үй-бүлөнүн атасы өзү да мындан бир аз мурун кырсыкка кабылып, анын кесепетинен көптөгөн жаракаттарды алып, экинчи топтогу майып болуп калган.

Кыйынчылыктарга карабай атасы иштеп, үй-бүлөнү багат. Ал күнүнө 6000 теңгеге унааны ижарага алат. Аялы жана балдары менен бир бөлмөлүү батирди 50 миң теңгеге ижарага алышат. Бет капчан жаран үй-бүлө тууралуу алдын ала билип, ал баласынын операциясына керектелүүчү акчаны берген. Муну күтпөгөн ата ыйлап жиберген.

Беткапчан киши кайра видео жарыялап, дал ошол жаранга унаа менен үй белек кылганын билдирди. Армандын айтымында, баласына операция август айынын орто ченинде жасалат.