Бүгүн, 13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болду.
Полиция окуя болгон жерге баруучу жолду жаап, эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Окуянын себеби азырынча белгисиз. Соңку маалыматтар боюнча 5 адам каза болгону, 30дан ашуун киши жаракат алганы маалымдалды.
Yeni Şafak басылмасы Стамбулдун Башкы прокуратурасы Истикляль көчөсүндө болгон жардырууну теракт деп иликтеп баштаганын жазды.
Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын...