Куткаруучулар тобу Суэц каналындагы контейнер ташыган кемени тайыз жерден жылдырышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Суу жолу качан ачылары, 450дөн ашуун кеменин тыгынын жоюуга канча убакыт кетери азырынча айтыла элек. Куткаруу ишиндеги жетишкендик кеменин айланасынан 27 миң метр куб кум казылып алынгандан кийин болгон. Компаниянын Твиттердеги билдирүүсүнө ылайык, суудан чыгарылган кеме учурда көзөмөлдө. «Кийинки кадамдар жөнүндө кошумча маалыматтар белгилүү болгондо жарыяланат», — деп айтылат маалыматта.
23-мартта Evergreen компаниясынын 400 метрлик «Ever Given» контейнер ташыган кемеси Суэц каналынын эң кууш бөлүгүндө такалып калган. Кеме каналдын жолун бөгөп, андагы кыймылды толугу менен жаап койгон. Ага 18 миңден ашуун контейнер жүктөлгөнү айтылган. Окуядан улам Суэц каналынын кире беришинде 300дөн ашуун кеме топтолуп калган. Африка менен Азияны бөлүп турган Суэц каналы аркылуу бүткүл дүйнөлүк сооданын 12 пайызга жакыны өтөт. Жаратылыш газы, чийки мунайзат экспорту дүйнө жүзү боюнча 5-10 пайызды түзөт.